Биздин ыйык кечил атабыз, ыйык кызмат кылган кечил (иеромонах), обочо жашаган жана бекинип алуучу Саровдогу Серафим жөнүндөгү чыгарма.
1863-жылы анык жарандык кеңешчи (1917-жылга чейин Орус империясындагы 4-класстын жарандык даражасы) Н. В. Елагин Саровдогу монастрдын каалоосу боюнча анын архивдик документтери жана күбөлөрдүн айткандарына таянып, бактылуу карыя Серафимдин жашоосун, баатырдыктарын жана жакшылыктарын, мурунку басылыштарга караганда, толугураак сүрөттөп берген. Кийин бул эмгек бир топ жолу кайрадан басылып чыккан.
Бул китеп 1904-жылдын библиографияда сейрек учуроочу басылышынын толук көчүрмөсү болуп, Кудайдын улуу жактырганын даңктоо салтанатын, анын ыйык сөөгүнүн чыгарылышы жана анын ыйыктардын катарына кошулушун чагылдырат.
Бул китеп алгачкы булактын орфографиясы жарым-жартылай сакталып тартууланган.